БАЭнын ишкерлери менен сүйлөшүү үчүн Жапаров Абу-Дабиге барды

БАЭнын ишкерлери менен сүйлөшүү үчүн Жапаров Абу-Дабиге барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына келди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Минкаб башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Абу-Дабидегы мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Маалыматта Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге баргандыгы баса белгиленет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>