Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт
15.10.2025 | 16:17

21-октябрда Бишкек шаарында Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмөнү ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
«М.В. Фрунзе музейинен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейине чейин» аттуу көргөзмөнүн негизги концепциясы — бир инсанга арналган мемориалдык музейден соңку кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейинин калыптанышын чагылдыруу.
Көргөзмөдө коноктор музейдин 1927-жылдагы биринчи жупуну көргөзмөсүнөн илимий борборго жана жаңы монументалдык имаратка ээ болгон совет доорунда маанилүү идеологиялык институтка айланганга чейинки тарыхын көрө алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы