Милиционер «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен деп шектелүүдө

Милиционер «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен деп шектелүүдө

Милиция кызматкери «Тазалык» ишканасында иштеген 64 жаштагы аял кызматкерди унаасы менен сүзүп кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 8-июнда таңкы саат 04:40та Москва менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу «Тазалыктын» 64 жаштагы аял кызматкерин сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Жабыркаган аял ооруканага түшкөн. Аялды сүзгөн айдоочу ак түстөгү Daewoo Nexia унаасы менен жүргөнү кабарланган.

Кайгуул кызматы билдиргендей, милиция кызматкери окуя болгон күнү эле кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Анын унаасы айып аянтчасына коюлган. Кырсык болгон күнү милиционер эмгек өргүүсүндө жүргөн.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, кармалган милиционер – Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.

Ошондой эле жергиликтүү ММКлар жазгандай, шектелип жаткан милиция кызматкери камакка алынган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>