Никол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу
Прокурор “кемпир-абадчылардын” ар бирин 20 жылга абакке кесүүнү сурады
10.06.2024 | 14:01
Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ар бирин 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Рита Карасартова билдирди.
Белгилүү болгондой, бул иш боюнча 20дан ашык киши кармалып, иши Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар:
- Али Шабдан
- Гүлнара Журабаева
- Асия Сасыкбаева
- Эрлан Бекчороев
- Жеңиш Молдокматов
- Равшан Жээнбеков
- Рита Карасартова
- Клара Сооронкулова
- Перизат Суранова
- Улугбек Маматаев
- Таалай Мадеминов,
- Чыңгыз Капаров
- Айбек Бусурманкулов,
- Нурлан Асанбеков
- Атай Бейшенбек
- Айданбек Акматов
- Марат Баязов
- Акыл Айтбаев
- Кеңешбек Дүйшөбаев
- Бектур Асанов
- Кубанычбек Кадыров
- Азимбек Бекназаров
- Мамбетжунус Абылов
- Илгиз Шаменов
Эскерте кетсек, 2022-жылы октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу мамлекетке берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчылар кармалган. Аларга милиция “массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси менен айып таккан.
Аталган иш эл арасында “Кемпир-Абад иши”, кармалгандар “кемпир-абадчылар” деп айтылып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом