Милиционерлерди каралоо максатында видеого тартууга тыюу салган мыйзам өткөн жок

Милиционерлерди каралоо максатында видеого тартууга тыюу салган мыйзам өткөн жок

Жогорку Кеңеште милиция кызматкерлерин каралоо максатында видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору өткөн жок.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн, 19-декабрда парламентте экинчи окууда каралып, аны депутаттардын 44ү колдоду, алтоо каршы болду. Жетиштүү добуш болбогондуктан мыйзам долбоору өткөн жок.

Бул мыйзам долбоорунда милиция кызматкерин сүрөт-видеого тартып алып, аны каралоо үчүн интернетке, ЖМКга бурмалап чыгарган адамдарга 5 миң сом айып салуу же 20 саатка чейин коомдук жумуштарды тартуу каралган.

Ошондой эле коомдук тартипти карап жатан күч түзүмдөрдүн, мамлекеттик органлардын кызматкерине каршылык көрсөтүп, бейбаштык жасаган кишилерге 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылдан 7 жылга чейин абакка кесүү сунушталган.

Андан тышкары милициянын талаптарына баш ийбеген адамдарды 5 миң сом айыпка жыгуу же 5тен 7 күнгө чейин камакка алуу каралган.

Демилгечилердин бири депутат Сүйүн Өмүрзаков бул мыйзам долбоору милиционерлерди видеого тартууга тыюу салбай турганын, болгону видео-сүрөткө тарткан адам аны монтаждап, бурмалап интернетке жарыяласа, жазалоо сунушталып жатканын билдирген. Ошол эле учурда айрым депутаттар аталган мыйзам милициянын колунда куралга айланып, мыйзам бузуу болгондо жарандарга аны видеого тартууга тыюу салышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Аталган мыйзам долбоору парламентте карала баштаганда эле соцтармактарга МАИ кызматкери айдоочуга укук коргоо кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салынганын айтканы, айдоочу андай тыюу жок экенин билдиргенде, «жакында тартпай каласыңар» дегени тартылган видео чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>