БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Милиционерлердин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталды
17.08.2023 | 21:07
Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курмындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.
Буга чейин УКМК Бишкекте синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын билдирген.
Баңгизат жүгүртүү менен иштеген милиционерлер кармалды (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом