Ош окуясында аскер кызматкерлерин өлтүргөн жаран кармалды

Ош окуясында аскер кызматкерлерин өлтүргөн жаран кармалды

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалган.

Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.

УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош окуясы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>