Милиция аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылдык белектерди тапшырды – сүрөт

Милиция аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылдык белектерди тапшырды – сүрөт

Токтогулда милиция  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Токтогул РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү кирип келген жаңы жылы менен куттукташып, татыктуу тарбия жана мыкты билим алууга чакырышты.

Ошондой эле Ноокен РИИБинин жетекчиси Алтынбек Мусаев баштаган топ кызмат өтөп жатып каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул үй-бүлөгө майрамдык белектер берилип, милиция тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп тураары белгиленди.

[su_image_carousel source=»media: 53287,53288,53289,53290″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>