Жактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилди
Милиция: Кара-Сууда сот аткаруучу пара менен кармалды
12.01.2024 | 13:08
Ош облусунун Кара-Суу районунда сот аткаруучу пара менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 59 жаштагы тургун кайрылып, 2023-жылдын 23-декабрынан тарта С. аттуу сот аткаруучу пара талап кылып жатканын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, сот аткаруучу анын чет өлкөгө чыгууга коюлган чектөөсүн алып берүүнү убадалап, пара опузалаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
11-январь күнү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Сот департаментинин 43 жаштагы С.С. аттуу сот аткаруучусу кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.