Турак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашууда
2024-жылы бардык мыйзамсыз курулуштар бузулат
12.01.2024 | 12:28
2024-жылы бардык мыйзамсыз курулуштар бузулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, ири коммерциялык объекттер алынат.
“Алардын кайсы жердеги курулуштар экенин айтпай турайын, бирок чоң объекттер бар. Буга чейин көп айтылганы менен ишке ашпай келген бир коммерциялык курулушту январь айынын иш планына киргиздик. Азыр комиссиянын чечимин күтүп жатабыз. Ал компания талаптарды аткарбаса, анда бузулат”, – дейт Орунтаев.
Ал Бишкектин 12-кичи районунда мындан ары жаңы курулуштарга уруксат берилбестигин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом