Быйыл августта милиция кызматкерлеринин кармоо учурунда каза болгон Иван Сологубовдун жан берген учуру видеого түшүп калган. Бул тууралуу маркумдун агасы Арсений Сологубов Reporter.kg’ге билдирип, видео менен бөлүштү.
Видеондон көрүнгөндөй, милиция кызматкерлери Иван Сологубовду кармагандан кийин аны жерге жыгып, бири үстүнөн, экинчиси моюн жагын буту менен басып алышкан. «Дем жетпей жатат» деп айтып жаткан Иван Сологубов бир нече убакыттан кийин үндөбөй, кыймылдабай жатып калган. Милиция Иван Сологубовдун каза болгонун байкаган эмес. Алардын бири жип алып келип, Сологубовдун колдорун байлашкан. Окуянын күбөлөрүнүн бири Иван Сологубовдун тамырын текшерип: «пульс жок го байкелер, «дем алып жатабы?» десем, «ооба» дебедиңер беле», — дегенден кийин гана анын көз жумганын билишкен.
Муну маркумдун агасы Арсений Сологубов да айтып: «милиция каза болуп калган кишинин колуна жип байлаган», — дейт.
Эскерте кетсек, Иван Сологубов быйыл 9-августта көз жумган. Бул окуя боюнча милиция Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, өзүн жаман сезип, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген.
Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.
Натыйжада прокуратура бул факт боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Аларга «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен айып тагылууда.
Кийинчерээк Арсений Сологубов милицияга «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоону суранып, башкы прокурорго кайрылган.
Милиция кармаган жарандын өлүмү: Маркумдун өлүмүнүн себеби айтылды (видео)