Милиция Социал-демократтардын мүчөлөрү суракка алынганын билдирди

Милиция Социал-демократтардын мүчөлөрү суракка алынганын билдирди

Ички иштер министрлиги жана Бишкектин милициясы Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катагановдун кармалганы тууралуу маалымат боюнча үн катты.

ИИМ Самышева «добуш сатып алуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 12-январда министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы тарабынан тергөө кызматына жеткирилгенин, эки жактоочунун катышуусунда тергөө амалдарына катышканын жана андан кийин кое берилгенин билдирди.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, Катаганов да «добуш сатып алуу» иши боюнча күбө катары чакырылып, суралган. Сурак учурунда анын жактоочусу катышкан.

ИИМ да, шаардык милиция да Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн тергөөгө алынып келип, суракка алышында мыйзам бузулбаганын билдирди.

Эскерте кетсек, аталган партиянын лидери Кадырбек Атамбаев 12-январда Жанна Самышева кафеде отурганда милиция кармап кеткенин, ага жактоочусун киргизбей жатканын билдирген.

Эртеси күнү, 13-январда ал партия мүчөсү Анарбек Катагановду да милиция кармап кеткенин, анын каякта экенин жактоочулары да, туугандары да билбей жатканын кабарлаган.

Ошондой эле ал партиялаштарынын кармалышын коркутуу аракети, саясий куугунтук катары көрөрүн жазган.

Белгилүү болгондой, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.

Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.

Ачкачылык кармаган Султанбековду тез арада ооруканага жаткыруу керектиги айтылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>