Милиция Ысык-Көлдө эс алууда эң жөнөкөй эрежелерди сактоого үндөдү

Милиция Ысык-Көлдө эс алууда эң жөнөкөй эрежелерди сактоого үндөдү

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Бишкек шаарынын «Атом» студиясы менен биргеликте Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жөнөкөй элементардык эрежелерди сактоого багытталган социалдык роликтерди даярдашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул — жол эрежелерин, коомдук тартипти жана туристтик этиканы сактоо менен, эс алуучулар жана туристтер өздөрүнүн унутулгус эс алуусунун өбөлгөсүн түзө алышат.

«Аба ырайы ысык жана жай мезгили болгондуктан көпчүлүк жарандар эс алууга Ысык-Көлгө келишет.  Бирок, көлдө, же болбосо жаратылышта эс алуу – жагымдуу өткөрүлгөн учур гана эмес. Бул – өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздар үчүн болгон чоң жоопкерчилик болуп саналат. Биздин негизги максат – эс алуучулардын көңүлүн жоопкерчилике жана этиканын жөнөкөй эрежелерин сактоого буруу», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>