Саясий рекордчу: Киши колдуу болгон Синдзо Абэ эмнеси менен эсте калды?

Саясий рекордчу: Киши колдуу болгон Синдзо Абэ эмнеси менен эсте калды?

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ Нара шаарында көчөдө шайлоочулар алдында сүйлөп жатканда кол салуу болгон. Атылган эки ок, тилекке каршы, 68 жаштагы саясатчынын өмүрүн алып кетти. Синдзо Абэ менен коштошуу Токио шаарындагы будда храмында 11-июлда өтүп, ал эми 12-июлда акыркы сапарга узатылат.

Синдзо Абэ Япониянын тарыхында премьер-министр кызматында эң көп жыл иштеген саясатчы катары калды. Аны өз өлкөсүндө жана чет мамлекеттерде эмне үчүн жакшы көрүшкөнүн «Лента.ру» эскерет.

Таасирдүү саясатчылардын үй-бүлөсүнөн

Синдзо Абэнин саясий карьерасы кичинекей кезинде эле башталган. Анын үй-бүлөсү атасы жана апасы тараптагы туугандары таасирдүү саясатчылардан — парламенттин депутаттарынан, министрлер жана эки премьер-министрден турган. Үй-бүлөлүк байланыштар жапон саясатчысына карьералык тепкичтен бат көтөрүлүүгө жол ачкан. Ал эмгек жолун атасы Синтаро Абэ Тышкы иштер министри болуп турганда анын катчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Карьералык тепкич

1993-жылы Абэ либералдык-демократиялык партиясынын атынан жапон парламентине тандалып алынган, 6 жылдан кийин социалдык иштер боюнча партиянын бөлүмүн жетектеген. 2000-2003-жылдары өкмөттүн башкы катчысынын орун басары болуп, андан кийин Жапониянын либералдык-демократиялык партиясынын башкы катчысы болгон.

Премьерлик кызмат

2006-жылы 52 жашында Абэ Жапониянын премьер-министр кызматына шайланган. Ал өлкөнүн тарыхында 13 жыл аралыгында парламенттин катардагы кызматкеринен тартып, эң жогорку кызматка жеткен эң жаш өкмөт башчы катары эсептелген. Бул жылы ал мөөнөтүн аягына чейин өтөгөн эмес. Ага коррупциялык жаңжалдан улам Жапониянын айыл чарба министри өз жанын кыйгандыгы себеп болгон. 2007-жылы августта Абэ кайрадан министрлер кабинетин дайындап, бирок бир айдан соң ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен.

Саясий рекордчу 

Абэ кеткенден кийин көп премьер-министр алмашкан. 2006-жылдан 2012-жылга чейин өлкөдө 6 премьер иштеген.  2012-жылы Абэ кайрадан премьер-министр болуп, бул кызматты 8 жыл аркалаган. Ал бир гана саясий туруктуулукту алып келбестен, премьерлик кызматты эң көп жыл аркалаган саясатчы катары Жапониянын тарыхында калган.

Абэнин «үч жебеси»

Премьер-министрлик кызматты ээлеп турганда Абэ экономикалык кризисти жеңүү максатында үч максатты алдына койгон. Биринчиси — дефляцияны жеңүү үчүн каржы-насыя саясатын жеңилдетүү. Экинчиси – инфраструктуранын курулушу үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүү, табыгый кырсыктан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү жана компанияларга салыкты азайтуу. Үчүнчүсү – структуралык реформалар жана инвестицияларды тартуу. Бул максаттар ишке ашкандыктан аны абэномика деп да аташкан.

Харизмалуу лидер

Абени чет өлкөлөрдө харизмалуу лидер катары эсептешчү. Өзгөчө ал америкалык президенттер Барак Обама жана Дональд Трамп менен да мамилеси жакшы болчу. 2019-жылы АКШнын президенти Жапонияга иш сапары менен барып, өлкөнүн тарыхында жаңы император өз кызматына киришкенден кийин чет элдик коноктордон биринчи келген президент катары калган. Абэ менен Трамп гольф ойноп, селфиге түшкөнүн жарыялашкан. Трамп сумо боюнча чемпионатка катышып, ага кубок тапшырылган.  АКШнын президенти Жапонияга болгон иш сапары жемиштүү болгонун айткан.

Абэ Орусиянын президенти Владимир Путин менен дагы жакшы. Эки лидер бири-бирине “сен” деп кайрылышчу. Премьер-министр кызматында ал Путин менен 27 жолу жолугушууларды өткөргөн. Чогуу дзюдо боюнча мелдештерге катышчу, жалпысынан жылуу мамиледе болушчу.

Кыргызстанга алгачкы иш сапары 

Синдзо Абэ премьерлик кызматта турганда Кыргызстанга 2015-жылы 26-октябрда келип, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.  Аны «Манас» эл аралык аэропортунан ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев тосуп алган. Атамбаев коногу менен япон тилинде «коничива» деп учурушкан.Тараптар келечектеги кызматташууну талкуулап, эки өлкөнүн мамилесин мындан ары да өнүктүрүү, жакшыртууну сүйлөшкөн. Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары болгон. Жолугушуунун алкагында кызматташуу жөнүндөгү бир катар документтерге кол коюлган.

Отставкага кетүүсү 

Абэнин дагы бир жетишкендиги анын Токиодо жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө укук алганы. Тилекке каршы пандемия жапон бийлигин Олимпиаданы кийинки жылга жылдырууга аргасыз кылган. Абэнин коронавирус менен күрөшүүсү анын рейтингинин төмөндөшүнө алып келген. Абэ 2020-жылы жаралуу колит оорусунун күчөшүнөн улам отставкага кетүүгө мажбур болгон. “Чын жүрөгүмдөн силерден кечирим сурайм, Жапония элинин колдоосуна карабай, мөөнөтүмдүн аягына чейин бир жыл калса дагы кызматтан кетип жатам”, — деп коштошуп, көзүнө жаш алган.

8-июлда Синдзо Абэ Наре шаарында митингде сүйлөп жаткан. Жекшемби күнү Жапонияда парламенттик шайлоо болору күтүлүүдө.  Экс-премьер өзүнүн партиясынан чыккан саясатчыны колдоо үчүн келген. Мурда Жапониянын күч органдарында иштеген 41 жаштагы Тэцуя Ямагами Абэге кол салып, анын далына эки жолу ок аткан. Абэ ошол жерде кулаган. Ал оор абалда ооруканага жеткрилген. 8-июлда саат 17:03тө каза болгон. Анын өлүмүнө чейин Токиодогу ооруканага анын жубайы Акиэ келген. Жубайлардын балдары болгон эмес. Дүйнөлүк лидерлер көңүл айтып, кээ бир өлкөлөрдө улуттук траур күнү деп жарыяланган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>