Милиция жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярданууда 18 мыйзам бузуу фактыларын иликтөөдө

Милиция жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярданууда 18 мыйзам бузуу фактыларын иликтөөдө

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу учурунда милицияга шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 48 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кылмыштардын 8 фактысы жана укук бузуулар боюнча 10 факты катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Калган фактылар текшерилип жатат.

«Ички иштер министрлиги калкты дүрбөлөңгө салган жана жарандардын тынчсыздануусун жараткан такталбаган маалыматтарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга, видеохостинг сайттарына, телерадиоберүү компанияларына күнү-түнү байкоо жүргүзөт. Коомдук тартипти бузган жана коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу коркунучун жараткан жалган маалымат тараткан адамдарга чара көрүлөт», — деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде бүткүл республика боюнча өтөт. Жалпысынан 448 кеңеш шайланат, анын ичинен 420 айылдык жана 28 шаардык кеңештер. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум ушул эле күнгө белгиленген. Өлкө боюнча 2483 шайлоо участкалары ачылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>