«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти
Милиция журналист Канышай Мамыркулованы кармап кеткени кабарланды
20.03.2025 | 16:29
Журналист, активист Канышай Мамыркулова милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Бабакуловдун айтымында, ага Канышай Мамырулованын кызы байланышып, апасы кармалганын билдирген. Ошондой эле ага журналисттин кошуналары чалып, Мамыркулованы 5 киши алып кеткенин айткан.
Бабакулов Канышай Мамыркуловага жактоочу табылганын, милиция аны Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгына алып кеткени белгилүү болгонун айтты.
Эскерте кетсек, Канышай Мамыркулова – таанымал журналисттердин бири. Акыркы жылдары ал «Фейсбук» аркылуу бийликке ачуу сын айтып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом