Милициянын айлыгы канчага көбөйдү?

Милициянын айлыгы канчага көбөйдү?

Ушул жылдын 1-январынан баштап милиция  кызматкерлеринин айлык маянасы кырк пайыз жогорулатылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган отурумда айтылганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө, жогорулагандан кийин 19 миң сомду түзөт. Мындан сырткары  убактылуу батирде турган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, ал эми региондо батирде турса 7 миң 500 сом төлөнөт”, — деп жазылат маалыматта.

Министрлик маалымат кызматы ошондой эле 3-февралдан баштап, ички иштер органдарына кызматка кирип жаткандар жана кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен жаңы контракт түзүлөрүн кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>