Акыркы беш жылдын ичинде (2019-2023-жылдары) республикада 2 миң 566 зордуктоо катталып, ал 2023-жылы үй-бүлөдөгү кылмыштардын 16 пайызын түздү. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги сунуштап жаткан токтом долбоорунун маалыматтык негиздемесинде айтылат.
Ал эми 2024-жылдын 6 айында 7 миң 533 үй-бүлөлүк зомбулук аныкталган. Анын ичинен зордуктоо факты менен 9, 16 жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер – 1, ыплас аракеттер – 6 гана иш козголгон.
«Бул жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү арыз менен кайрылышпай тургандыгын көрсөттү», — дейт министрлик.
Анткени алар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин одоно жүрүм-турумунан коркушат, алардын кылмышкерди жазалоо мүмкүнчүлүгүнө ишенбейт жана жабырлануучу окуяны ачыкка чыгарууну каалабайт.
«Коом окуяга жабырлануучунун өзүн айыптап, жазган арызынан баш тартууга мажбурлоо максатында кысымга алуусунан коркуу сыяктуу факторлор менен байланыштуу», — дейт министрлик.
Эмгек министрлиги Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунда зомбулукка кабылгандарга дагы колдоо көрсөтүүнү сунуштайт. Ал жерде кыз-келиндер дарыгер, психолог, социалдык кызматкер жана юрист комплекстүү жардам берет.