Милиция: Чолпон-Атада мушташтан кийин каза болгон жигит милицияга арыз жазуудан баш тарткан

Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында болгон мушташтан кийин каза болгон 24 жаштагы жигит милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 16-август күнү түнкү саат 00:00дөр чамасында болгон. Милиция чакыруу менен барганда жабырлануучу жаш балдар тарабынан сабалганын айткан, бирок эч кимге доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, медициналык жардам алган соң кайра чыгарылган. Кийинчерээк ал пансионатка жеткирип коюуну суранган. Бирок ошол эле күнү эртең менен саат 10:25те анын көз жумганы кабарланган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 14, 17 жана 19 жаштагы үч бала кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.