Токтогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстү
Милиция кызматкери 180 миң доллар талап кылууга шектелип кармалды
23.12.2025 | 11:02
Кылмыштын беренесин өзгөртүүгө жардам беребиз деп 180 миң доллар акча талап кылышкан деген шек менен милиция кызматкери жана дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. жана Ж.К.Т аттуу жаран кылмыштын квалификациясын өзгөртүп беребиз деген шылтоо менен 180 миң доллар накталай акча талап кылышкан. Натыйжада УКМК тарабынан Ж.К.Т бул сумманын жарымын (90 миң доллар) алып жаткан жеринен кармалган.
Мындан тышкары анын унаасынан салмагы баштыкка оролгон 105 грамм баңгизат табылып алынган.
Шектүүлөр кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар