Миллиондорду мамлекетке кайтарып, камактан чыккан чиновниктер

Миллиондорду мамлекетке кайтарып, камактан чыккан чиновниктер

Кыргызстанда коррупцияга, мыйзамсыз баюуга жана пара алууга шектелип кармалган чиновниктердин мамлекетке келтирген зыянды төлөп берип, үй камыгына чыккан же толугу менен акталган учурлары катталууда.

Чоң кызматта туруп кармалган аткаминерлердин мамлекетке акча төлөп бергени тууралуу айтылып келет. Reporter.kg  редакциясы буга чейин кайсыл аткаминер же жогорку кызматтагы адам канча «кусканын» тизмектеди.

Коррупцияга айыпталып кармалган экс-чиновник Туйгунаалы Абдраимовго Биринчи май райондук соту ушул жылдын 21-сентябрында өкүм чыгарган.

«Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекетке 2 000 000 сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылганын жана ал мамлекетке кайтарган жердин жана конок үйүнүн баасы 15 млн. 300 миң сомго бааланганын маалымдаган.

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алган, ага байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн УКМКдан билдиришкен.

Биринчи май райондук соту Адилет Кубанычбеков боюнча өкүм чыгарган. Ал ушул жылдын 28-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-спикер, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековдун иши боюнча өкүмүн ушул жылдын 18-августунда чыгарган.

“Ахматбек Келдибеков Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү, 303-беренесинин 1-бөлүгү жана 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча коюлган айыптар боюнча (1997-жылдын 1-октябрындагы мыйзамынын редакциясына ылайык) күнөөлүү эмес деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды”, — деп айтылат маалыматта.

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүчө айып тагылган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекетке которуу чечими чыгарылган.

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2021-жылдын январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.

УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле.

Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке келтирген 50 миллион сом өлчөмүндө зыянды төгүп берген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин кылмыш ишин карап, 24-майда актаган өкүм чыгарганы кабарланды.

УКМК аны 2020-жылы кармап, 5-октябрдагы парламенттик шайлоо маалында “Дастан” мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги жетекчисин «кызматтан алдырам» деп коркутуп, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 млн. сом талап кылган деп айып таккан.

Дыйканбаев 2021-жылы тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке 7 млн. сом төгүп берип, үй камагына чыкканы кабарланган.

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев ажылык сапарга бара турган жарандардын колдонулуп кетти делген акчаларын толук кайтарып бергенин муфтияттан билдиришкен.

 «Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев бардык каражаттарды толук кайтарып берди», — деди ал.

Максат ажы Токтомушев 2021-жылдын 10-февралында УКМК тарабынан кармалган. УКМК ал ажыга бар турган адамдар төккөн каражаттарды колдонууга байланышкан каржы мыйзам бузууга шектелип кармалганын билдирген. 12-февралда ал үй камагына чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>