Сот экс-спикер Ахматбек Келдибековго өкүм чыгарды

Сот экс-спикер Ахматбек Келдибековго өкүм чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-спикер, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековдун иши боюнча өкүм чагарды. Сот өкүмү 2022-жылдын 18-августунда чыккан.

“Ахматбек Келдибеков Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү, 303-беренесинин 1-бөлүгү жана 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча коюлган айыптар боюнча (1997-жылдын 1-октябрындагы мыйзамынын редакциясына ылайык) күнөөлүү эмес деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку сот Биринчи май райондук соттун жана Бишкек шаардык соттун чечими жокко чыгарылганын маалымдаган.

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүчө айып тагылган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекетке которуу чечими чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>