Бажы кызматынын экс-жетекчиси 51 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Бажы кызматынын экс-жетекчиси 51 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбеков боюнча сот өкүм чыгарды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 28-апрелде К.А.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

Эске салсак, УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, ал эми бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

Мындан тышкары, акыркысы жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңы
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>