Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти
Курманбек Дыйканбаев эки айга камакка алынды
27.11.2020 | 10:59
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алганын УКМКдан билдиришти.
Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, ал октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин коркутуп 7 млн сомдон ашык каражат алып, акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга жумшаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар