1 миң 207 киши Кыргызстандын жарандыгын алды. Анын 820 — чоңдор жана 387 өспүрүм. 53 киши кыргыз жарандыгынан чыкты. Анын 45 – чоңдор жана 8 өспүрүм. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз жарандыгынын алгандардын басымдуусу этникалык кыргыздар.