Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Министр: Майнинг-ферма Кыргызстандын электр энергиясын колдонбойт
07.03.2024 | 16:56
Кыргызстанда бир гана майнинг-ферма иштейт. Бул тууралуу брифингде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, ал Кыргызстандын электр жарыгын колдонбой, россиялык “Интер РАО” энергетикалык компаниясы Казакстандан жеткирет.
“Кыргызстандагы жалгыз майнинг-ферма электр энергиясын Казакстан аркылуу жеткирген россиялык “Интер РАО” энергетикалык компаниясынан алат”, – деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-марттан тарта электр жарыгына чектөө киргизилди. Өчүрүү графигин министрлик сайтта жарыялап турмакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика