Элди алдап кеткен CHARGE FAST. Милиция негизги фигурант кармалганын билдирди

Элди алдап кеткен CHARGE FAST. Милиция негизги фигурант кармалганын билдирди

Бишкек шаарында CHARGE FAST каржы пирамидасын уюштурууга шектелген негизги фигурант кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, март айынын башында милицияга 100дөн ашык адам арыз жазып, CHARGE FAST каржы пирамидасына акча салып алданып калганын билдирген. Аталган пирамиданы уюштургандар жарандардын акчасын эки эсе көбөйтүп беребиз деп алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (каржы пирамидасын уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 43 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалганын жана ал негизги фигурант экенин билдирди. Азыркы тапта анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Бүгүнкү күнү алданып калган дагы 100дөн ашык адам милицияга кайрылып, Бишкек боюнча укук коргоо органдарына арыз жазгандардын жалпы саны 200дөн ашты.

Учурда иликтөө уланып, бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Аталган иштин алкагында буга чейин Бишкекте 2 кыз кармалган.

CHARGE FAST каржы пирамидасы бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн башка аймактарында да иш жүргүзгөн. Маселен, Кара-Көлдө 17,6 млн сом акчасын салган 100дөн ашык адам алданып калган.

«17,6 млн сом зыян». Chargefast Кара-Көлдө 100дөн ашык кишини сызга отургузуп кетти

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>