Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Мектепте мыйзамсыз акча чогулткандарга 60 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда
07.03.2024 | 17:30
Кыргызстанда мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга айыппул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева иштеп чыккан.
Документте айтылгандай, 2023-жылдын май айындагы президенттин жарлыгы менен мектептерде мыйзамсыз акча жыйноого тыюу салынган. Бирок ага карабай, акча чогултуу токтобой келет. Мындан улам депутат каражат чогулткандарды айыпка жыгууну сунуштап жатат.
Мыйзам долбоорунда мектептерде мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда. Эгер мектептин алдында фонд ачылып, акча жыйналса, жеке жактарды 40 миң сом, юридидикалык жактарды 60 миң сом айыпка жыгуу каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом