Президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге тартип жаза колдонуу жана кызматтануу бошотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага кеткендиги жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн төмөнкү кызмат адамдарына тартиптик жазалар колдонулду:
1) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге “катуу сөгүш”;
2) Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Клим Омельченкого “сөгүш”;
3) Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесаревге “сөгүш”;
4) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге “сөгүш”;
5) Билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге “сөгүш”;
6) Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновго “сөгүш”;
7) Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевге “сөгүш”;
8) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузаковага “сөгүш”;
9) Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевге “сөгүш”;
10) Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага “сөгүш”;
11) Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго “сөгүш”;
12) Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыковго “сөгүш”;
13) Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаковго “сөгүш”;
14) Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Үсөнкановго “сөгүш”;
15) Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкуловага “катуу сөгүш”;
16) Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго “катуу сөгүш”;
17) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна “катуу сөгүш” жарыялансын.
18) Айыл чарба министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев кызмат ордунан бошотулсун.
Билим берүү тармагы боюнча төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жаза колдонулду:
‒ Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаевага “эскертүү”;
‒ Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева “катуу сөгүш” жарыялансын.
‒ Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу кызмат ордунан бошотулсун.
Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкү кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонуу сунушталсын:
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевге “катуу сөгүш”;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага “катуу сөгүш” жарыялансын;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Дамир Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу;
‒ КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнур Исираилова “катуу сөгүш” жарыялоо.