Министрлер кабинети Оштун жолдорун жакшыртуу боюнча ЕӨБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегация түздү

Министрлер кабинети Оштун жолдорун жакшыртуу боюнча ЕӨБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегация түздү

Министрлер кабинети Евразия өнүктүрүү банкы менен «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» долбоору (узундугу 3,2 км болгон 2 эстакадалык көпүрөнү куруу) боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн расмий делегация түздү.

Делегация жол байланышын өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына ыйгарым укук берилди.

«Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» долбоору боюнча Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн министрлер кабинетинин расмий делегациясынын курамы:

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси;

Финансы министринин орун басары;

Экономика жана коммерция министринин орун басары;

Тышкы иштер министринин орун басары;

Юстиция министринин орун басары;

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>