Министрлик: Үч күндүн ичинде медиктердин эмгек акысы 100% төлөнүп бүтөт

Министрлик: Үч күндүн ичинде медиктердин эмгек акысы 100% төлөнүп бүтөт

Чүй жана Ош облустарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын 141 кызматкерине 1 млн 400 миң сомду түзгөн эмгек акылары которулду.

2-3 күндүн ичинде Саламаттык сактоо министрлиги республиканын бардык мобилизацияланган медициналык кызматкерлерине март айындагы эмгек акыны 100% төлөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде штабдан билдиришти.

Бул стационарлардагы медициналык кызматкерлерге баштапкы-медициналык-санитардык жардам (ҮМБ/ҮДТ/ФАП), ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтар кирет.

38,5 млн сом өлчөмүндөгү төлөмдөр Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 8-апрелинде аталган министрлик март айы үчүн COVID 19 катталган очоктордо иштеп жаткан медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзө баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>