Министрлик алган 13 жаңы тез жардам унаасынын баасы канчадан айланды?

Министрлик алган 13 жаңы тез жардам унаасынын баасы канчадан айланды?

Саламаттык сактоо министрлиги жаңы сатып алынган 13 тез жардам унаасынын баасы эмне үчүн кымбатка айлангандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин алдындагы программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаиловдун айтымында унааларда жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган.

“Кыргызстандын аймактары үчүн атайы дизель майы керектелчү 4WD “Соболь” унаалары алынды. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен алганда 49 миң доллардан айланды. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге болсо кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Форд Транзит үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң доллардан туура келди”, –деген ал.

Исмаилов кошумчалагандай, тендерге жалпысынан 4 фирма катышкан. Алардын ичинен кызмат акысын арзанга сунуштаган компанияга тандалган. Ал эми сатып алуу тендердик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.

Белигилей кестек, 13 медициналык тез жардам унаасын сатып алууга 764 900 доллар сарпталган.  “Бир миллион долларга жакын акчага 13 эле унаа алынабы?” — деп интернет колдонуучулары министрлик тез жардам унааларын кымбат баада сатып алганын айтышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>