Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Министрлик: Биринчи класстар үчүн сабактардын убактысы кыскартылат
25.07.2025 | 14:16
2025-2026-окуу жылында 1-класстын окуучулары үчүн сабактардын узактыгы кыскартылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, биринчи класстын окуучулары үчүн сабактардын убактысы 40 мүнөттөн кыска болот. Министрлик мындай чечимди мектепке быйыл алты жаштагы балдардын кабыл алынышы менен негиздеди.
Ал эми 2-класстын окуучулары үчүн сабактар 40 мүнөт, 3-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн сабактар 45 мүнөт бойдон калат.
Министрлик жаңы өзгөрүү жаш курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен билим берүү процессин жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар