Министрлик II турга катышкан абитуриенттерге эскертүү берди

Министрлик II турга катышкан абитуриенттерге эскертүү берди

Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун II туруна катышкан абитуриенттерге эскертүү берди.

Министрликтин маалыматында, окуу жайга сунушталган абитуриенттер 1-август саат 17:00гө чейин ошол окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек.

“Эгер сиз ал окуу жайда билим алуу оюңуздан кайтсаңыз, жиберген өтүнмөңүздү 1-август, саат 17:00гө чейин кайтарып алууңуз шарт. Бул учурда сиз III турга катыша аласыз. 1-август, саат 17:00гө чейин II турда окуй тургандыгын тастыктаган абитуриент III турга катыша албайт”, – деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, пандемиядан улам быйылкы бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга үч тур менен онлайн тапшырууда.

Биринчи тур 20-22-июлда, экинчи тур 27-29-июлда өткөн. Ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү тур 3-5-августта өтөт.

Сунушталгандардын тизмеси жарыялангандан кийин тастыктоого үч күндүк мөөнөт берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>