Министрлик: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 30% гана тесттен өттү

Министрлик: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 30% гана тесттен өттү

Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 20-30% гана тесттен өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелде брифингде билдирди. Министрдин айтымында өкмөттүк, президенттик аппарат, жергиликтүү бийликтегилер баары коронавирус тестинен өткөн деген маалымат жалган.

«Учурда көпчүлүгү үйүндө иштеп жатышат. Кызмат ордунда иштөөгө мажбур болгон 20-30% жетекчилерди, кызматкерлерди тесттен өткөрдүк. Талапка ылайык, тобокелчилик бар жерде иштеп жаткандар, чет өлкөлөрдө иш сапарында болуп келгендер баары текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Тесттен шек туулгандарга гана ПЦР анализ жасалат», — деди Абдикаримов.

Министрдин маалыматына ылайык, 6-апрелге карата Кыргызстанда 76 миң экспресс-тест бар. Анын ичинен 30 миңдейи иштетилген. Калгандары обсервацияга алынгандарды текшериш үчүн колдонулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>