Министрлик: коронавирустун экинчи толкунун күтүп, үйгө дарыны топтоо кооптуу

Министрлик: коронавирустун экинчи толкунун күтүп, үйгө дарыны топтоо кооптуу

Коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Мындай билдирүүнү саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ал үй шартында дары-дармекти туура эмес сактоо коопсуздугу бар экенин эскертти.

«Үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал, кесепетинде ал дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден соолугуңузга зыян тийгизиши мүмкүн», — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле министрликтин өкүлү жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбай турганын айтты

«Анткени алардын жасалышы жана сактоо шарттары белгисиз. Бул дагы адамдын ден соолугуна кооптуу», — деп кошумчалады ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>