Агартуу министрлиги STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика жана география боюнча жаңыланган предметтик стандарттар иштелип чыкканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул предметтик стандарттар 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдык көрүүнүн алкагында иштелип чыккан.
Бул ишти Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) координациялаган. Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт катышкан. Алардын арасында аталган академиянын илимий кызматкерлери, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Республикалык институттун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер болгон.
Жаңы стандарттардын долбоорлору Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кеңешинде каралып, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына бекитүүгө жөнөтүлгөн.
«STEM предметтеринин мазмунун жаңылоонун максаты – замандын талаптарына жооп берген жана окуучуларды реалдуу жашоого, эмгекке даярдаган окутуу ыкмаларын калыптандыруу»,- деп билдирди министрлик.