Министрлик: Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 219 бейтап кайрылды

Министрлик: Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 219 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 219 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, бейтаптардын 189у жаш балдар. Кайрылгандардын 86сы ооруканага жаткырылган, алардын 82си жаш балдар.

Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 56 адам кайрылса, 31и ооруканага жаткырылып, 25 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 54 адам кайрылган, алардын 25и ооруканага жаткырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>