19-январга карата аба ырайыКызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейт
Минкаб салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартты
27.06.2022 | 08:47
Министрлер кабинети кезектеги жыйынында «Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомдун долбоорун жактырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, документ министрлер кабинетинин 2022-жылга карата антикризистик чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Бул токтом долбоору менен уюмдар жана жеке жактар үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтүн 2022-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу сунушталат (жазуу жүзүндөгү арыз бербестен):
- салык агенти тарабынан 2022-жылдын 1-январынан 30-майына чейинки отчеттук мезгилдеги кошумча нарк салыгы боюнча салыктык отчеттуулук;
- 2022-жылга карата мүлк салыгы боюнча маалымат эсептөө.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика