Бишкекте велоспорт боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте велоспорт боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте велоспорт боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаада профессионал жана ышкыбоздор арасында «Топтук 20 чакырым жарыш» велоспорту боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке 54 спортчу катышты.

Мэриядан белгилешкендей, веложарыш сергек жашоо образын калыптандыруунун маанилүү фактору катары дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлдү. Мелдеш ошондой эле калк арасында велоспортту жайылтуу жана велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз жана профессионал спортчуларды аныктоону көздөйт.

Профессионалдар арасындагы веложарыштын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

— Ажмал Ромал – 1 орун;
— Оролов Эрлан – 2 орун;
— Ажмал Лемар – 3 орун.

Ышкыборздордун арасында:

— Чалова Алимина – 1 орун;
— Шереметова Елизавета – 2 орун;
— Маткаримов Сардор – 3 орун.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы жеңиштерди каалайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: велоспорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>