Миннеаполистеги нааразылыктар күч алды
Миннесота штатында Американын Бажы жана иммиграциялык көзөмөл кызматынын (ICE) офицери тарабынан жарандык активист өлтүрүлгөн соң социалдык жана саясий чыңалуу күчөгөндөн бери аз эле убакыт өттү. Эки апта ичинде коомдук нааразылык өсүп, тургундар массалык митингдерге жана нааразылык акцияларына чыгууга мажбур болду. Тилекке каршы, өткөн дем алыш күндөрү чыңалуунун жаңы толкуну башталды.

Ал эми 24-январда штаттын борбору – Миннеаполис шаарында ICE офицеринин колунан мыйзамсыз миграцияга эч кандай тиешеси жок дагы бир АКШ жараны каза болду. Бул окуя коомчулуктун чыдамын биротоло сынап, жөн гана массалык наарзычылыктарды эмес, күч түзүмдөрү менен кагылышууларга алып келди.
АКШ бийлигинин чечимдери федералдык органдарга катуу чараларды колдонууга буйрук берүү жана алардын ишине тоскоол болууга мүмкүнчүлүк бербөө, экинчи трагедиядан кийин ички саясий фонду дагы да татаалдаштырууда. Акыркы ок атышуудан соң Демократтар партиясынын өкүлдөрү – мурдагы президенттер Барак Обама жана Билл Клинтон америкалыктарды нааразыларды коргоого чакырып, күч колдонууну кескин айыпташты.
Бирок экс-президенттердин билдирүүлөрүндө коомду бириктирүү каалоосунан тышкары, демократтардын бул кырдаалды өздөрүнүн саясий позициясын бекемдөө үчүн колдонуу аракети да байкалат. Адамдардын өлүмү менен коштолгон окуялар Дональд Трамптын тарапташтарынын имиджине сокку урууда. Бул Ак үйдүн саясий жетекчилигин ICE офицерлери тарабынан көрүлгөн кескин чаралардын «негиздүүлүгү» боюнча риторикасын жумшартууга мажбур кылууда. Ошол эле учурда Трамп болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликти жалаң гана америкалык коомдун солчул жана солчул-радикалдарга жүктөөнү токтотту.
Ошол эле мезгилде президенттин тарапкерлеринин мамилеси өзгөрсө да, нааразылык дароо токтогон жок. Негизги көйгөй – мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш үчүн колдонулуп жаткан өтө катуу жана кээде түшүнүксүз ыкмалар. Бийлик сунуштаган чаралар жана компромистер (мисалы, Миннесотага «жеңил» иммиграциялык кызматкерди жөнөтүү же катуу чараларды жактаган жетекчини чакырбоо) маселени чечкен жок.
Эң начар сценарий ишке ашкан учурда – протесттерди күч менен басуу практикасы улана берсе, негизинен Демократиялык партияга ыктаган Миннесота жакынкы келечекте Трампка каршы туруктуу каршылык көрсөтүү борборлорунун бирине айланып кетиши мүмкүн деп ишенүүгө олуттуу негиздер бар. Штат буга чейин эле «мамлекеттик фашизмге каршы күрөшүп жаткан» аймактын образын калыптандыра баштады.
Ошол эле учурда, «жазалоочу кайгуулдардын» жетекчилерин алмаштыруу коомдук нааразычылыктын деңгээлин чектелүү болсо да төмөндөтүүдө белгилүү бир роль ойношу мүмкүн. Көп нерсе бийликтин иммиграциялык көзөмөл офицерлеринин нааразычылыктар учурунда ок атуучу курал колдонуусуна жол бербөөсүнөн көз каранды болот. Азырынча штаттагы нааразычылыктар жана толкундоолор басыла элек.
Дастан Токольдошев