Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды

Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды

Алтынбек Намазалиев Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Мияров дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Мирбек Мияров 1984-жылы Чүй облусунун Жетиген айылында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын инженердик менеджмент адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2005 — 2010 — Бишкек шаардык телефон түйүнүнүн инженери;

2012 — 2019 — «Моби Строй» ЖЧКсынын башкы директору.

Мияров быйылкы парламенттик шайлоодо «Ордо» саясий партиясын жетектеп чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>