Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Мирлан Айталы “Алга” футболдук клубуна жаңы жетекчи болду
30.05.2022 | 15:18
Мирлан Айталы “Алга” футболдук клубуна жаңы жетекчи болду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Мирлан Айталы “Себат” кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү. Борбордук Азиядагы Америка университетинде бакалавр даражасын алган. Ошондой эле Лондондо (LEICESTER COLLEGE OF PROFESSIONAL STUDIES) бизнести башкаруу боюнча билим алган.
Эмгек жолун 2002-жылы «КООРТ» ЖАКсында маалымат кызматынын кабарчысы жана спорт журналисти болуп иштөөдөн баштаган.
2005-2006-жылдары кабарчы, жаңылыктарды алып баруучу болуп иштеген.
2018-жылдын май айынан бери «Бешинчи канал» ЖАКнын аткаруучу директору жана «Борбор» жана «Ойбүгүн» теледолбоорлорунун алып баруучусу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт