Путин каршы эмес. Жапаров темир жолдун курулушу боюнча айтты  

Путин каршы эмес. Жапаров темир жолдун курулушу боюнча айтты  

Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курулушу качан башталарын айтты.

Өлкө башчы “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок жымсалдабай айтсак, Россия тарап бул жолдун курулушуна каршы экендигин эксперттер билдирип келишет. Эгер чын эле Россия тарап каршы болсо эмне үчүн каршы? Бул жол аларга зыян алып келеби?” деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

— Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда «Саптай албай ийнеден көрөт» деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз «туңгуюк» мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>