Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойт
Мирлан Бакиров: “Мекеним Кыргызстан” кайра шайлоого катышары белгисиз
06.10.2020 | 18:52
“Мекеним Кыргызстан” партиясы кайра өткөрүлө турган парламенттик шайлоого катышар-катышпасы белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган партиянын лидери Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, бул маселе бүгүнкү күндө жалпы партиялык масштабда карала элек.
“Кайра өткөрүлө турган шайлоого “Мекеним Кыргызстан” катышары же катышпасы так эмес. Анткени бул маселени жалпы партия карашы керек. Башкы штаб, аймактардагы бөлүмдөрүндө каралышы керек дегендей. Бирок азыр маселе партияларда болуп, партиялар коомчулукка жакпай жатат. Андыктан, конституциялык өзгөрүүгө барып, жалгыз мандаттуу шайлоого кайтууга тийишпиз”, – деди Бакиров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат