Мирлан Каниметов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Репортерго» өздүк булактар кабарлады.
Мирлан Каниметов буга чейин маалымат жыйынындардын биринде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок деген билдирүүсү менен коомчулуктун көңүлүн бурган.
Кийин бул боюнча атайын билдирүү таркатышып, муну Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 1 эле адам сот тарабынан таанылганы менен түшүндүрүшкөн.