Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Мирлан Карагулов Базар-Коргондун акими болуп дайындалды
24.05.2023 | 09:23
Карагулов Мирлан Кынатбекович Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Карагулов Мирлан Кынатбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Карагулов Тогуз-Торо районунун акими болуп иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом