Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны көбөйдү

Быйыл үч айда Кыргызстанда 192 миңден ашык адам микрокредиттик уюмдардан 11 млрд сом насыя алган. Бул тууралуу Статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыркы жылдын үч айына караганда алынган насыянын да (25%га), насыя алгандардын саны да (27%га) көбөйгөн.

Насыя алгандардын саны боюнча Ош (21%), Жалал-Абад облустарынын (17%га жакын) жана Бишкектин (16%га жакын) тургундары алдыда турат.

Ал эми суммасы боюнча алганда, насыянын көбү Бишкек (2 млрд сом же 18%), Ош (2 млрд сомго жакын же 18%га жакын), Чүй (1,8 млрд сом же 16%га жакын) жана Жалал-Абад облустарында (1,7 млрд сом же 16%га жакын) берилген.

Насыялардын 45%ы — керектөөчүлүк муктаждыктарга, 27%дан ашыгы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү, 12%га жакыны соода жана коомдук тамак-аш, 4%ы курулуш тармагы үчүн алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>