Мирзиёевдин сапарынан кийин Наманган шаарынын башчысы менен прокурору кызматтан алынды

Мирзиёевдин сапарынан кийин Наманган шаарынын башчысы менен прокурору кызматтан алынды

23-февралда Наманган шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз жыйынында калаа башчысы Олимжон Исаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна 46 жаштагы Гафир Жамалов дайындалды.

Наманган облустук администрациясы билдиргендей, Жамалов 1997-2009-жылдары Наманган шаарында жана Наманган облусунун акимчилигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Кийинчерээк Экономика министринин орун басары болгон.

2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ташкент акиминин орун басары кызматын аркалаган.

23-февралдагы жыйында депутаттарга Наманган шаарынын жаңы прокурору да сунушталды. Отставкага кеткен Бахромжон Юлдашевдин ордун 39 жаштагы Хуршид Адилов ээлеп калды.

Адилов 2018-жылдан бери Наманган облусунун Чуст районунун прокурору болгон.

Өткөн аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Намангандагы сапары учурунда «Бунёдкор» маалесиндеги абалды сынга алган. Мындан соң Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззаков дал ушул районго көчүп келип жашай турганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>