Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойт
Митингде каза болгон адам 19 жаштагы Лейлек районунун тургуну болгон
06.10.2020 | 16:52
6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтындагы митинг учурунда каза болгон адам 19 жаштагы Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну болгон.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматына караганда маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, митинг учурунда жалпы 590 киши ар түрдүү жаракат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилген. Ал эми 150 киши ар түрдүү жаракат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар